Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:52

Аксыда чатыры күйгөн ооруканага алты миллион сом бөлүндү


Кербен шаарындагы өрт чалган оорукананын чатыры.
Кербен шаарындагы өрт чалган оорукананын чатыры.

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кербен шаарында өрт чыккан оорукананын чатырын оңдоо үчүн алты миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова 13-14-март күндөрү Аксы Жалпы дарыгерлик практика борборунун өрт чыккан корпусуна барып, өрттөнгөн имараттын абалы жана башка бөлүмдөрдүн иши менен таанышты.

Гүлнара Баатырова өрт чалган ооруканага барды.
Гүлнара Баатырова өрт чалган ооруканага барды.

Маалыматка караганда, өрт имараттын ичине жеткен эмес. Келтирилген зыян эсептелүүдө.

13-мартта Аксы жалпы дарыгерлик практика борборунун чатырын өрт чалган. Саламаттык сактоо министрлиги окуя болгон ооруканадан 72 адам эвакуацияланганын билдирсе, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 134 киши коопсуз жерге чыгарылганын кабарлаган. Кырсыктан жабыркагандар жок.

Төрөт бөлүмүнөн жаңы төрөлгөн алты ымыркай Жалал-Абад облустук ооруканасына которулган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG