Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Украин жоокерлери "айыгышкан кармаш" жүрүп жаткан Бахмуттун борборун коргоодо


Украиналык өрт өчүрүүчүлөр Бахмуттун четинде. 13-март 2023-жыл
Украиналык өрт өчүрүүчүлөр Бахмуттун четинде. 13-март 2023-жыл

Бахмут шаарынын борборунда “айыгышкан салгылаш” жүрүп жатат.

“Вагнер" тобунун чабуул коюучу күчтөрү биздин жоокерлердин коргонуу сызыгын жырып, шаардын борборуна жылууга аракет көрүүдө”, - деп билдирди Украинанын кургактагы күчтөрүнүн кол башчысы генерал Александр Сырский.

Украиналык командачылык “душман ири жоготууларга учурап жатканын” белгиледи.

Ал арада Орусиядагы “Вагнер” жалданма тобунун башчысы Евгений Пригожин Бахмуттун борборунан алыс эмес жерде тартылган видеодо анын согушкерлерин шаарды алуу үчүн катуу кармаштар күтүп жатканын моюнга алды.

Ошол эле маалда чет өлкөлүк эксперттер Бахмуттун стратегиялык мааниси жок экенин, аны алуу Кремлдин символикалык жеңиши үчүн гана керектигин белгилешет.

Жергиликтүү маалымат каражаттарына берген комментарийлерде Бахмуттун жетекчилери 13-мартка карай ал жакта 4 миңдей киши жашап жатканын билдиришти. Урушка чейин калаанын калкы 70 миңдин айланасында болчу.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы ошол эле күнү маалымдагандай, алдыңкы 24 саатта каршы тараптын 102 чабуулунун мизи кайтарылды, “орусиялык аскерлер ири жоготууларга карабай Бахмутту алуу аракетинен баш тарткан жок”.

Бухмат үчүн күрөш Орусия Украианага кол салгандан берки эң узак салгылашуу болуп калды.

Аскердик аналитиктер эки тарап тең чоң жоготууларга учураганын айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG