Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:07

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондор 48 миңден ашты


Жер титирөөдөн жабыркаган Кахраманмараш шаары. Февраль, 2023-жыл.
Жер титирөөдөн жабыркаган Кахраманмараш шаары. Февраль, 2023-жыл.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу 13-мартта өткөн айдагы зилзаланын курмандыктары 48 миңден ашканын билдирди.

"Зилзалада каза болгон жарандардын саны 48 миң 448. Алардын 6 миң 660ы чет өлкөлүктөр. Дээрлик көпчүлүгү сириялыктар. Каза болгон 1 615 кишинин тек-жайы аныкталууда", - деп билдирди Сойлу.

Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экенин "Азаттыкка" кабарлады.

11-февралда Кыргызстандын бир жараны уранды алдында каза болгонун Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев билдирген. Кийин Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 37 жаштагы кыргызстандык аялдын сөөгүн уранды алдынан алып чыгышканын кабарлаган.

Зилзаладан эки күн өткөндөн кийин Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) апаатта мерт болгон, жакындары табылбаган жана тек-жайы аныкталбаган сөөктөр 24 сааттын ичинде жерге берилерин кабарлаган.

Учурда 11 аймакта аты-жөнү аныкталбаган, тактайчада номуру гана көрүнгөн сөөктөр көмүлгөн жапырт көрүстөндөр бар.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллдык жер титирөө дагы кайталанган. Сирияда зилзаладан 6 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

Миллиондогон жаран эвакуацияланган, айрымдары чатырларда баш калкалап жатышат. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG