Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

ӨКМ Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо иштери башталганын билдирди


Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо иштерине тартылган суучулдар.
Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо иштерине тартылган суучулдар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы 12-марттан тарта Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулаган торлордон тазалоо иштери башталганын билдирди.

Түп районуна караштуу Ысык-Көл айылында башталган тазалоо иштери көлдүн бардык акваториясын камтый турганы айтылды.

Маалымат боюнча, суучулдар жана ыктыярчылар быйыл Түркиядан алынып келген “Дельта” катерин колдонушат. Саатына 40 чакырым ылдамдыкта жүргөн катерге 10 суучул шаймандары менен батат.

“Дельта” катери.
“Дельта” катери.

1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG