Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:19

Орусиядан согушка кеткендердин туугандары Путинге кайрылышты


Мобилизация аркылуу урушка жөнөтүлүп жаткандардын машыгууларында тартылган сүрөт.
Мобилизация аркылуу урушка жөнөтүлүп жаткандардын машыгууларында тартылган сүрөт.

Орусиянын Москва облусунан Украинадагы согушка тартылган жарандардын энелери, жубайлары президент Владимир Путинге жана коргоо министри Сергей Шойгуга видео кайрылуу жолдошту. Тасманы 11-мартта "Говорит не Москва" , "Мобилизация" Телеграм-каналдары жарыялады.

Алардын ырасташынча, балдары жана күйөөлөрү орус армиясынын катарынан "Луганск элдик республикасы" жана "Донецк элдик республикасы" деп аталган күчтөрдүн командасына которулган. Орус бийлигине кайрылган аялдар туугандары тийиштүү аскердик даярдыктан өтпөй эле мобилизацияланганына, согуштун алдыңкы катарында "жем болуп жатышканына" нааразылыгын билдиришти.

Акыркы жумаларда интернетте мобилизацияга тартылгандардын өздөрүнүн да көптөгөн кайрылуулары пайда болду. Иркутск, Белгород, Калининград облустарынан, Тывадан согушка тартылгандар "Луганск элдик республикасы" жана "Донецк элдик республикасы" деген топторго кошулуп калганына, даярдыгы жок эле урушка жөнөтүлгөнүнө нааразы болушкан.

Алардын айтымында, даярдыксыз жана чалгындоо кызматынын колдоосу жок эле салгылашка түшүшөт, баш тарткандар токмоктолот.

Журналисттик иликтөөлөр жана чет элдик чалгын кызматтарынын маалыматтары көрсөткөндөй, Украинадагы согушта өлгөн орусиялыктардын арасында "Вагнер" жалданма аскер уюму жана мобилизация аркылуу урушка баргандар көбөйүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG