Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:25

Франциянын Сенаты талаштуу пенсия реформасын жактырды


Ишемби күнү демонстранттар менен полиция кагылышты.
Ишемби күнү демонстранттар менен полиция кагылышты.

Франциянын Сенаты ишемби күнү талаштуу пенсия реформасын жактырды. Өлкөдө пенсияга чыгуу курагын 62ден 64 жашка көтөрүүнү көздөгөн мыйзам долбоору элде жапырт нааразылык жараткан.

Документти 195 сенатор колдоп, 112си каршы добуш берди. Келерки аптада аны парламенттин жогорку жана төмөнкү палаталарынын биргелешкен комитети карайт. Reuters агенттиги маалымдагандай, шаршемби күнү мыйзам долбоору талкууланып, добуш берилет.

France-Presse агенттиги аны кабыл алуу үчүн парламенттин төмөнкү палатасында – Улуттук ассамблеяда мыйзам долбоорун колдогондордун добушу жетпей калышы мүмкүндүгүн жазды.

Бирок Конституция өкмөт башчысына экономикалык мыйзамдарды кабыл алуу жоопкерчилигин өзүнө алууга жана депутаттардын макулдугусуз бекитүүгө мүмкүндүк берет. Премьер-министр Элизабет Борн бул мүмкүнчүлүктү колдонору айтылууда.

Франциянын дээрлик бардык жеринде пенсия курагын көтөрүүгө каршы митингдер уланууда. Парижде өткөн аптада демонстранттардын саны 48 миңге, өлкө боюнча 368 миңге жеткенин маалымат каражаттары жазышты. Ишембинин кечинде баш калаада демонстранттар полиция менен кагылышып, таштанды челектерин өрттөп, дүкөндөрдүн айнектерин талкалашканда 32 адам кармалды. Шаршембиге жалпы улуттук иш таштоо пландалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG