Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:15

Бишкекте Исманкуловдун клиникасы муниципалдык имараттан чыгарылды


Алмазбек Исманкуловдун “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын чыгарылышы. Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.
Алмазбек Исманкуловдун “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын чыгарылышы. Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.

Бишкектин Касымалы Жантөшев атындагы көчөсүндө жайгашкан Алмазбек Исманкуловдун “Көздүн микрохирургиясы” клиникасы мэрияга караштуу имараттан чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.

Мекеменин сайтында жазылгандай, 10-мартта муниципалдык менчик боюнча комиссиянын жыйыны өтүп, анда №6 шаардык клиникалык оорукананын №2 имаратын ижарага берүү келишимин бузуу жана бошотуу чечими кабыл алынган.

10-февралда Башкы прокуратура Исманкулов менен Бишкек шаар мэриясынын бир нече кызмат адамдары мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сомдук зыян келтиргени аныкталганын маалымдаган. Ага ылайык, Бишкектеги №6 клиникалык оорукананын 2-корпусунун имараты бейтаптар үчүн орун жетишсиздигине карабай арзан баага ижарага мыйзамсыз берилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, Алмазбек Исманкулов менен Бишкектин муниципалдык менчик департаментинин башчысы Талант Рыскулбек уулу кармалган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 12-февралда алардын бөгөт чарасын карап, Исманкуловду 9-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камаган. Рыскулбек уулу үй камагына чыгарылган.

Ортодо Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) имаратына байланыштуу да чуу чыгып, ага да Алмазбек Исманкуловдун клиникасынын тиешеси бар экени ачыкка чыккан. Маалыматка караганда, 1997-жылы окуу жайда ректордун орун басары болуп турган учурда Түштүк Кореядан КУУ аркылуу Исманкуловдун клиникасына медициналык жабдыктар үчүн насыя алынган. КУУнун имараты анын ордуна күрөөгө коюлуп кеткен жана ушул күнгө чейин андан чыгарыла элек.

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылы өкмөттүн атынан Исманкуловдун клиникасын сотко берип, корей тараптын насыясын жабуу талабын койгонун, соттук териштирүү аягына чыга электигин маалымдаган. Министрлик Исманкуловдун карызы 28 миллион долларга чамалаганын билдирген.

Алмазбек Исманкулов, анын адвокаттары жана “Көз микрохирургиясы” госпиталы соңку айыптоолор боюнча азырынча комментарий бере элек.

Клиниканын тегерегиндеги чуу былтыр февралда башталган. Ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев имаратты бошотууну талап кылып, бир нече жолу ал жакка өзү да барган. Ал кезде бул аракеттерден майнап чыкпай, Бишкек мэриясы кайра ижара келишимин түзгөнү белгилүү болгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG