Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:20

Иран Орусиядан Су-35 аскердик учактарын сатып алды


Орусиянын Су-35 кыргын салуучу аскердик учактары. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын Су-35 кыргын салуучу аскердик учактары. Иллюстрациялык сүрөт.

Иран Орусиядан Су-35 кыргын салуучу аскердик учактарын (истребитель) сатып алуу процедурасын аяктады. Бул тууралуу бул өлкөнүн мамлекеттик IRIB телеканалы Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлчүлүгүнө таянуу менен кабарлады.

“Иран бир катар мамлекеттерге кыргын салуучу учактарды сатуу мүмкүнчүлүгүн суранган, Орусия буга оң жооп берди”, – деп айтылат маалыматта.

БУУдагы өкүлчүлүк келишимдин шарттарын кабарлаган жок. Ал качан түзүлгөнү, канча учак жеткирилери белгисиз. Түркиянын Anadolu маалымат агенттиги ирандык булактарга таянып, Тегеран Москвадан 24 учак сатып алганын жазды. Израилдин 12-каналы да ушундай маалымат таратты.

Reuters маалымат агенттиги Ирандын куралдануусунда учурда ондогон гана аскердик учактар бар экенин, алардын көбү 1979-жылкы Ислам революциясына чейин келип калган америкалык техника экенин кабарлады. Мындан сырткары Иранда советтик жана орусиялык өндүрүштөгү МиГ-29 жана Су-24 учактары бар. Су-35 учактары келсе, Ирандын куралдануусу кыйла заманбап боло түшөт.

Орусиянын Украинага согушунун фонунда Москва менен Тегеран коопсуздук багытында кызматташуусун күчөткөн. Декабрда АКШнын президентинин администрациясынын өкүлү Орусия менен Ирандын аскердик кызматташуусу “болуп көрбөгөндөй” деңгээлге жеткенин билдирген.

Батыш өлкөлөрү жана Украина Иран Орусияга учкучсуз учактарды жеткирип жатканын белгилесе, Тегеран муну төгүндөп келет. Ошол эле маалда Украинадагы согушта кулаган дрондор ирандык өндүрүштө экени ачыкка чыгып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG