Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:55

Садыр Жапаров ири курулуштарга Хабибулла Абдукадырдын байланышын комментарийледи


Президент Садыр Жапаров кытайлык бизнесмен Хабибулла Абдукадыр (оңдон экинчи) менен чогуу баратат. Бишкектин Орто-Сай айылындагы мечиттин курулушуна капсула салуу учуру. 10-март, 2023-жыл.
Президент Садыр Жапаров кытайлык бизнесмен Хабибулла Абдукадыр (оңдон экинчи) менен чогуу баратат. Бишкектин Орто-Сай айылындагы мечиттин курулушуна капсула салуу учуру. 10-март, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү көп тармактуу бизнес борбордун жана ири мечиттин курулуштарына ысымы чуу жараткан бизнесмен Хабибулла Абдукадырдын байланышы тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу пикирлерин мамлекет башчы “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган кыска маегинде айтты.

Жапаров аталган эки курулушту куруп жаткан инвесторлордун арасында Абдукадыр да бар экенин ырастап, мейманкананы алар мурда сатып алган жерине курушарын, ал эми мечитти сооп үчүн акысыз салып бере турганын тактады.

Президент бул топ ошондой эле борбордо кийинчерээк "Бишкек-сити" деп аталган кичи шаарча курушарын да кошумчалады.

“Кыскасы, Бишкекке баш-аягы 1,5 млрд. доллар инвестиция салышат. Мунун эмнеси жаман? Ал эми мурдагы президенттер менен кандай мамиледе болгону мени кызыктырбайт. Эң негизгиси кылмыш иши жок болсо, издөөдө жок болсо болду. Мага Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, “келгиле, ар кайсы тармакка акча салгыла” деп баарын чакырам. Кол чаап тосуп алам. Интригадан башы чыкпаган журналисттердин же саналуу адамдардын сын-пикирлеринен коркпойм. Эң негизгиси жаман иш жасап, коррупцияга аралашып кетпесем болдубу? Жалпы эл, Кудай баарын көрүп турат”, – деген президент Садыр Жапаров.

10-мартта Бишкекте түрттүрүлгөн “Нарын” ресторанынын ордуна беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор жана соода аянттарын камтыган көп тармактуу комплекстин курулушу башталган. Ага президент Садыр Жапаров капсула салган. Комплексте 296 номери бар беш жылдыздуу мейманкана болот. Ошондой эле 444 батирлүү турак жай, соода аянттары жана 1,2 миңден ашык автоунаа үчүн жер астындагы машине токтотуучу жай салынат. Долбоордун баасы 321 млн. АКШ долларын түзөт.

Ушул эле күнү мамлекет башчы Орто-Сай айылында заманбап “Ыйман борбору” мечитинин курулушуна да капсула салган. Эки кабаттуу диний жай 20 миң кишиге ылайыкташып, намаз окууга жана дин таанууга бардык шарттар түзүлөт. Намаз комплексинин курамына административдик имарат жана руханий билим берүү мекемеси - медресе кирери айтылган.

Курулуштарга капсула салуу аземдеринде кытайлык, уйгур тектүү бизнесмен Хабибулла Абдукадыр да жүргөнүн расмий сүрөттөрдөн көрүүгө болот. Бул социалдык түйүндөрдө бир сыйра чуу жараткан.

2019-жылы 21-ноябрда жана 4-декабрда “Азаттык” радиосу, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору”, (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү “Kloop” медиасы чогуу жүргүзгөн “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо”, “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөөлөр жарыяланган. Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу ыктымал экени айтылган.

Хабибулла Абдукадыр мурдараак Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда аны менен чогуу түшкөн сүрөттөрү жарыяланган. Кийин Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланган учурда да Абдукадыр анын инаугурациясына катышкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG