Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:08

FT: Украина убада кылынган Patriot абадан коргонуу системасын алды


Patriot абадан коргонуу системасы. Польшада тартылган сүрөт.
Patriot абадан коргонуу системасы. Польшада тартылган сүрөт.

Украина АКШ жана Германия убада кылган эки Patriot абадан коргонуу системасынын бирин алганын The Financial Times басылмасы жазды

Маалыматта система азырынча ишке киргизиле электиги, аны колдонуучу айрым жабдуулар Нидерланддан келери айтылат.

АКШнын президенти Жо Байден менен Германиянын канцлери Олаф Шольц мурдараак Украинанын Куралдуу күчтөрүнө ракетадан жана абадан коргонуу системаларын жеткирүүнү макулдашышкан. Тактап айтканда, Германия Украинага АКШнын Patriot системасынын кошумча батареясын берүүнү убада кылган.

2023-жылдын январында жүзгө жакын украиналык аскер АКШга Patriot системасын колдонуу машыгуусуна барган.

Киев Patriot абадан коргонуу системасын сурап Вашингтонго кайрылган. Бирок АКШ бул жардам Орусияны мындан да чоң эскалацияга түртүшү мүмкүндүгүн эскерткен.

2022-жылдын күзүнөн бери Орусия Украинанын энергетикалык инфраструктурасын, калктуу конуштарын тынымсыз аткылап келүүдө. Буга байланыштуу Батыш өлкөлөрү Украинага колдоо көрсөтүп, ага абадан коргонуу системаларын бере баштаган.

Patriot системаларынын үч мууну бар жана акыркы экөө гана баллистикалык ракеталарды атып түшүрө алат. Зениттик-ракеталык комплекс аскердик базаларды жана ири административдик, өнөр жай борборлорун аба чабуулдарынан коргоого арналган. Система бир эле учурда жүзгө чейин бутаны аныктоого жөндөмдүү.

Ал тапта Украинанын чыгышында, айрыкча Бахмут шаарында айыгышкан салгылашуу уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG