Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Окуучулардын жазгы каникулу 20-мартта башталат


Кыргызстанда мектеп окуучуларынын жазгы каникулу быйыл 20-марттан 26-мартка чейин болот. Бул тууралуу 10-мартта “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим 18-21-март күндөрү өкмөттүн токтому менен дем алыш деп жарыяланганына байланыштуу кабыл алынды.

Быйыл январдын ортосунда Кыргызстанда кар көп жаап, аба кескин сууктагандыктан кышкы каникул үч күнгө узартылган. Кийин ошонун эсебинен жазгы каникул 22-26-март күндөрү болору кабарланган.

Базистик окуу планына ылайык, жазгы каникул 12 күн болушу шарт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG