Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:50

Variety: "Оскар" тапшыруу аземинде Зеленскийдин кайрылуусу көрсөтүлбөйт


Голливуд жылдызы Шон Пенн менен украин президенти Владимир Зеленский, Киев, 8-ноябрь, 2022-жыл.
Голливуд жылдызы Шон Пенн менен украин президенти Владимир Зеленский, Киев, 8-ноябрь, 2022-жыл.

Америка киноакадемиясы "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кайрылуусун көрсөтүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Variety журналы өз булактарына таянып жазды.

Бирок академия буга комментарий берген жок. Зеленскийдин администрациясы да президент киносыйлык тапшыруу салтанатында сүйлөөнү пландаганын мурда-кийин кабарлаган эмес .

Буга чейин украин президентинин кайрылуусу Канн, Венеция жана Берлин кинофестивалдарында, "Алтын глобус" сыйлыгын тапшыруу аземинде көрсөтүлгөн.

Variety журналы "Оскарды" тапшыруу аземинин продюсери Уилл Пакер былтыр да Зеленскийдин кайрылуусун көрсөтүүгө каршы болгонун белгиледи.

Басылманын булактарынын айтымында, киноакадемия коомчулукта "Украинадагы согуш актарга тиешелүү болгону үчүн Голливуд ага көңүл бурат, бирок дүйнөдөгү башка чыр-чатактарды этибарга албайт" деген нааразылык пайда болот деп кооптонот.

Былтыр америкалык киножылдыз, Голливуд актеру Шон Пенн Зеленскийге "Украинанын согушта жеңип чыгуусуна болгон үмүттүн жана ишенимдин символу" деп урмат көрсөтүп, өзүнө ыйгарылган "Оскар" сыйлыгын тартуулаган.

Зеленский актерду ыраазычылык иретинде III даражадагы "Эмгеги сиңгени үчүн" ордени менен сыйлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG