Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

24.kg порталы журналист Маканбай кызы УКМКга чакырылганын билдирди


24.kg порталынын эн белгиси.
24.kg порталынын эн белгиси.

24.kg порталынын журналисти Гүлмира Маканбай кызы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) чакырылды. 9-мартта атайын кызматтын өкүлдөрү менен адвокаттын катышуусунда бир саат баарлашып чыкканы тууралуу маалымат аталган медианын сайтына жарыяланды.

"Журналистке мөөрү, кол тамгасы жана эмнеге чакырганы жазылбаган чакыруу жиберилген", - деп жазылган маалыматта.

Кийин ал Орусиянын жараны, бурятиялык Буда Мунхоев менен видеомаек үчүн чакырылганы белгилүү болгон.

29-январда 24.kg сайтына чыккан видеодо Мунхоев Орусияда жарыяланган мобилизациядан кийин 2022-жылдын сентябрында Кыргызстанга көчүп келгенин айтып берген. Бурятия, эне тили жана Кыргызстан тууралуу ойлору менен бөлүшкөн. Ал материалды Гүлмира Маканбай кызы даярдаган.

Видео боюнча Орусиянын жараны УКМКга даттанганы белгилүү болду. Атайын кызмат окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.

24.kg маалымат агенттигинин жооптуу редактору Анастасия Мокренко 2-мартта УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында күбө катары сурак берип чыккан. Сурак быйыл январь айынын соңунда RedCentre соода борборуна бомба коюлганы тууралуу маалымат менен байланыштуу экени маалымдалган.

31-январда бомба тууралуу маалымат чыкканда соода борборунун ичиндегилердин баары эвакуацияланган, ал жакта кинолог адистер иштеп, бомба жок экенин аныкташкан.

6-февралда 24.kg маалымат агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына күбө катары чакырылган, бирок сурак кайсы макалага байланыштуу экени айтылган эмес. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG