Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:27

Таласта жаңы салык эрежелерине каршы митинг өттү


Талас. 2023-жылдын 9-марты.
Талас. 2023-жылдын 9-марты.

Талас шаарында бүгүн 9-мартта ишкерлер өкмөттүн контролдук-кассалык машина (ККМ) боюнча талабына каршы митингге чыгышты. Чогулган жүздөгөн соодагер президент Садыр Жапаровго кайрылып, ККМге беш жылга мораторий жарыялоону, анын ордуна патент системасын калтырууну суранышты.

Ишкерлер жаңы эрежелердин айынан айыппул көбөйүп жатканын айтышты.

Бүгүн Талас шаарында айрым азык-түлүк саткан дүкөндөр, ашкана-кафелер убактылуу жабылганын “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди.

Быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) болушу шарт. Буга чейин кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келген. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт

Салык кызматы жаңы талаптын максаты ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылуу экенин билдирип, “Көп ишкерлер 1-2 миң сомго патент сатып алып коюп, 30-40 миллион сомго товар сатып, өкмөттү алдап келишкен. Аны биз далилдей албай калган учурлар бар. Эми электрондук-товардык жүгүртүү болгондо ишкерге товар келгенде биздин базага автоматтык түрдө маалымат түшөт. Бардык салык төлөөчүлөр бирдей төлөшү керек” деген комментарий берген.

Салык төлөөнүн жаңы эрежелери майда ишкерлерди убарага салып жатканы Жогорку Кеңеште бир нече жолу айтылган. Депутаттар салык кызматы өзү даяр эмес болгондуктан ишкерлер кыйналып жатышканын белгилешкен. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG