Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:08

Урсула фон дер Ляйен украиналык аялдарга алкыш айтты


Урсула фон дер Ляйен
Урсула фон дер Ляйен

Еврокомиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Канада парламентинде сүйлөгөндө Орусиянын Украинадагы согушу - адам, аял укуктарына каршы агрессия экенин айтты:

"БУУнун маалыматы боюнча украиналыктарга зордук-зомбулук жана сексуалдык ыдык көрсөтүүнү Орусия өзүнүн аскердик стратегиясынын бир бөлүгү катары колдонууда. Бул Украинага гана эмес, адам укуктарына, аялдардын укуктарына каршы согуш".

Еврокомиссиясынын төрайымы украин армиясында кызмат өтөгөн аялдардын саны Орусия басып киргенден бери эки эсе өскөнүн кошумчалады.

Эл аралык уюмдар Москва Украинага басып киргенден бери орус аскерлеринин кыз-келиндерди кордогону тууралуу фактылары ачыкка чыкканын белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG