Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Акылбек Жапаров Анжияндагы UzAuto Motors ишканасына барды


Акылбек Жапаров UzAuto Motors ишканасы менен өз ара пайдалуу шартта кызматташууну талкуулады. 
Акылбек Жапаров UzAuto Motors ишканасы менен өз ара пайдалуу шартта кызматташууну талкуулады. 

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-мартта Өзбекстандагы жумушчу сапарынын алкагында Анжиян облусунун Асаке шаарындагы UzAuto Motors ишканасына барды. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалымдашынча, Жапаров анда бул ишкана менен өз ара пайдалуу шартта кызматташууну талкуулады.

Бул заводду куруу 1994-жылы баштаган жана 1996 жылдан тартып Damas үлгүсүндөгү машинелерди чыгара баштаган.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Chevrolet деген бренд менен Spark, Nexia, Cobalt, Lacetti (Gentra), Damas, Labo, Malibu, Tracker, Equinox, Trailblazer, Traverse жана Tahoe үлгүсүндөгү машинелерди чыгарат. Былтыр заводдон 327 миң машине чыккан, быйыл бул көрсөткүчтү 400 миңге жеткирүү пландалып жатат.

Өткөн айда кыргыз өкмөтү бардык район, шаар башчыларына Өзбекстанда жасалган “Chevrolet Captiva” үлгүсүндөгү кызматтык машине тапшырган. Анда жалпысынан 90 машине сатылып алынганы айтылганы менен канча акча сарпталганы такталган эмес.

Акылбек Жапаров Өзбекстанда канча күн болору айтылган жок жана ал сапардын жүрүшүндө бул өлкөдөгү өнөр-жай, өндүрүш жана илимий-техникалык ишканаларда болот. Ошондой эле расмий бийлик өкүлдөрү менен жолут. Андан сырткары Жизак облусундагы Манас айылында жашап жаткан этникалык кыргыздар менен дагы кездешүүнү көздөп жатканы белгилүү болгон.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин ушул жылы 26-27-январь күндөрү Кыргызстанда эки күндүк мамлекеттик сапар менен болгон жана анын алкагында чек ара баштаган бир катар документтерге кол коюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG