Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:57

Рита Карасартова президент Жапаровго абактагы аялдар боюнча кайрылды


Кемпир-Абад иши боюнча камалган аялдар: Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова жана Рита Карасартова. Биринчи Май райондук соту, 17-февраль, 2023-жыл
Кемпир-Абад иши боюнча камалган аялдар: Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова жана Рита Карасартова. Биринчи Май райондук соту, 17-февраль, 2023-жыл

Кемпир-Абад иши боюнча “жапырт башаламандык уюштурууга” шек саналып абакта жаткан укук коргоочу Рита Карасартова президент Садыр Жапаровго кайрылып, камактагы аялдарды чыгарууну суранды.

Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган катта, өзү эч качан мамлекетке каршы иш жасабаганын, өмүр бою адам укугу, адам эркиндиги үчүн күрөшүп келатканын жазган.

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселеде “Ата-Мекенди коргоо катары пикирлеш адамдар менен, бийликтин саясатына каршы келсе да, элге өз позицияларын ачык айтканын” билдирген.

“Эгер чынында эле, бир кичинекей чогулушту чоң кылмыш катары кабыл алып жатсаңыз сизден өтүнөрүм, абакта ден соолугунан ажырап, оор операцияга кабылып, жапа чегип жаткан эне, эжелерибиз Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулованын аял экенин, энелигин, алардын эл үчүн кылган мээнетин урматтап, эң эле жок дегенде улгайган жашын, ден соолугун, үй-бүлөсүнүн абалын эске алып үй камагына чыгарып берүүңүздү өтүнөм”, - деп жазылган катта.

6-мартта да бир катар жарандык активисттер, укук коргоочулар менен журналисттер абакта жаткан аялдарды үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен бийликке кайрылган.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG