Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:20

Өзбекстанда наркоздон кийин көз жумган вайнердин өлүмү иликтенүүдө


 Фарход Маннопов
Фарход Маннопов

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 26 жаштагы белгилүү вайнер Фарход Манноповдун өлүмүн иликтеп жатат. Расмий маалыматка ылайык, дарыгерлерге карата “Кесиптик милдетин так аткарбоо” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Mittivine каналын иштеткен Фарход Маннопов өзбек коомчулугуна белгилүү вайнерлердин бири. Анын өлүмү социалдык түйүндө кызуу талкууланууда.

​5-мартта Манноповдун мурдуна операция жасалган. Операцияга 20 мүнөт калганда ал интернетке видео жарыялап, бассейнде сүзүп жүргөндө мурдунан жараат алганын, дарылоо үчүн дарыгерлерге кайрылганын билдирген.

Түрдүү маалыматтарга караганда, анын өлүмүнө наркоздун ашыкча дозасы себеп болушу ыктымал.

Манноповду акыркы сапарга узатуу зыйнатына он миңден ашуун киши келгени тартылган видеолор интернетке тарап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG