Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Bloomberg: Орусия санкцияны кыйгап электрондук микрочип сатып алышы ыктымал


Орусия санкцияларды кыйгап европалык микрочиптерди сатып алып жаткан болушу мүмкүн.

Бул тууралуу Еврошаркеттин жогорку дипломатына шилтеме берип Bloomberg агенттиги кабарлады. Анын айтымында, соода санкцияларга кошулбаган Түркия, Казакстан жана Бириккен Араб Эмираттары өндүү үчүнчү өлкөлөрдүн ортомчулугу менен ишке ашууда.

Дипломат Брюссел жана Чоң Жетинин жазалоочу чараларына карабай Орусиянын импорту согушка чейинки көлөмгө жетип калганын белгиледи. Импорт азиялык мамлекеттер, анын ичинде Кытайдан да өскөн.

Соода көрсөткүчтөрүнө байкоо салган Женевада жайгашкан эл аралык агенттиктин маалыматына ылайык, былтыр Казакстан Орусияга 3,7 миллион долларга мирокчиптер менен жарым өткөргүчтөрдү саткан. Андан мурдагы жылы 12 миң доллар болчу.

Еврошаркет, АКШ, Британия жана Жапониядан Орусияга жылына 163 миллион долларга электрондук компоненттер тикелей сатылып келген. Өткөн жылы 60 миллионго түшкөн.

Ошол эле аралыкта Орусия Казакстандан, Түркиядан, Сербиядан жана БАЭден электрониканы сатып алууну көбөйткөн. Ал продукцияны дээрлик чыгарбаган бул өлкөлөрдүн Орусияга санкция салган мамлекеттерден импорту кескин өскөн.

Европадагы кайра куруу жана өнүгүү банкынын талдоосуна караганда, Кыргызстан, Армения жана Түркиянын Батыш өлкөлөрүнөн импорту да көбөйгөн. Банктын статистикасына ылайык, Еврошаркеттин, АКШ жана Британиянын Орусияга экспорту былтыркы жылдын май айынан июлга чейин эки эсеге кыскарган. Муну менен бирге Европа менен АКШдан Армения менен Кыргызстанга импорттун өсүшү 80% ашкан.

Бул өлкөлөр ошол эле мөөнөттө Орусияга экспортту да эки эсеге көбөйткөн. Банк бул тенденцияны соодадагы жаңы багыттар менен байланыштырат. Маалыматка караганда, Евробиримдиктен Борбор Азияга машине, электроника, айыл чарба техникасынын экспорту негизинен Казакстандын эсебинен көбөйдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG