Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Тоолуу Карабактын бийлиги үч полиция кызматкери окко учканын билдирди


Аткыланган машине. Тоолуу Карабак, 5-март, 2023-жыл
Аткыланган машине. Тоолуу Карабак, 5-март, 2023-жыл

Жикчил Тоолуу Карабак аймагынын бийлиги полиция кызматкерлери буктурмага кабылып үчөө мерт кеткенин, чабуулдун артында азербайжандык диверсия тобу турганын 5-мартта билдирди. Баку аскерлери мыйзамсыз курал-жарак ташып өтүүнү көздөгөн машинени токтотууга аракет кылышканын айтууда.

Этникалык армяндар үстөмдүк кылган Тоолуу Карабактын де-факто өкмөтүнүн министри “полиция кызматкерлери Карабак тараптан аймактын полиция бекетине келатканын, анда эч кандай амуниция болбогонун” билдирди.

Ал эми Азербайжандын Коргоо министрлиги бул окуя Карабак менен Арменияны байланыштырган кан жолдо “көзөмөл пункттарын орнотуу керектигин көргөзгөнүн” белгиледи

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. 2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, уруш алты аптага созулган. Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, Лачин коридорун Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти көзөмөлдөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG