Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:56

Кытай аскердик бюджетин дагы көбөйтүп жатат


Кытайдын улуттук жыйыны. Бээжин, 5-март, 2023-жыл
Кытайдын улуттук жыйыны. Бээжин, 5-март, 2023-жыл

Кытай аскердик бюджетин 7,2% көбөйтүп, 1,55 трлн. юанга (225 млрд. доллар) жеткирмекчи. Өлкө лидери Си Цзинпинди үчүнчү мөөнөткө жогорку кызматка бекитет деп күтүлгөн парламент жыйынында расмий Бээжин сырт жактардын коркунучу "өсүп баратканын" эскертти. Кытай бийлиги эмки жылы экономикалык өсүштү 5% жеткирүүнү көздөйт. Бул – бир нече жылдан берки эң төмөн көрсөткүч.

Улуттук жыйындын расмий өкүлү Ван Чао аскердик тармакка кеткен каражатты көбөйтүүнү коопсуздук чөйрөсүндөгү маселелер, Кытайдын "ири мамлекет катары өз милдеттенмелерин аткаруу" керектиги менен түшүндүрдү.

Кызматтан кетип жаткан премьер-министр Ли Кэцян өкмөттүн иши тууралуу акыркы отчетун сунуш кылды. Ал Тайвандын эгемендигине каршы туруу үчүн "чечкиндүү кадамдар" жасалып жатканын айтты. Премьер белгилегендей, Бээжин “көз карандысыз” жана “тынчтыкты көздөгөн” тышкы саясатты карманууга тийиш.

Кытай акыркы жылдары коргонууга кеткен чыгымдарын улам көбөйтүүдө. Мисалы былтыр аскердик бюджет 7,1% өскөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG