Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:34

Чукул кабар: Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Анда 5-мартта саат 12.30дар чамасында Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым аймактарында катуу шамал болору эскертилген.

"Бишкек жана Чүй өрөөнүндө түндүк-батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу мүмкүн. Урматтуу айдоочу, машинеңерди бак-дарактын жана имараттын жанына токтотпоңуз. Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номери аркылуу байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт",- деп жазылган маалыматта.

Буга чейин өлкөдө катуу шамалдын айынан үйлөрдүн, имараттардын чатырлары кыйрап, бак-дарактар сынып автоунааларды жана адамдарды басып калган учурлар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG