Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:40

Салык эрежелери: Акылбек Жапаров ишкерлерди ачык иштөөгө чакырды


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-мартта өкмөттүн кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда салык саясаты, көзөмөл-кассалык аппараттарды колдонуу өңдүү бир катар маселелер каралды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Жапаров ишкерлерди жаңы салык эрежелерине ылайык ачык-айкын иштөөгө чакырды.

"Акыркы жылдары мамлекет бир дагы жаңы салыкты киргизген жок. Болгону ишкерлер учурдагы мыйзамдарга ылайык, көзөмөл-кассалык аппараттарды орнотуп, ал аркылуу иштөөсүн суранабыз. Мындай машиналар колдонулгандан тартып салыктык түшүүлөрдүн өсүү динамикасы биздин туура жолдо экенибизди айгинелейт. Бизнес ар кандай "күңүрт", же көмүскө схемаларды колдонбостон, ачык-айкын жана чынчыл иштеши керек",-деген Жапаров.

Бишкектеги базарларда иштеген жүздөгөн адам 2-мартта жаңы салык эрежелерине каршы митингге чыккан. Алар товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) колдонула баштагандан бери чыгым, убара-түйшүк көбөйгөнүн, соода солгундаганын айткан.

Кыргыз өкмөтү болсо электрондук кагаз толтурууга өткөндөн тартып көмүскө соода азайып, салык көп чогулуп жатканын жүйө келтирип келет.

Былтыр 208 миллиард сомго жакын салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулган. Өкмөт бул белгиленген пландан 3,7 миллиард сомго ашык аткарылганын, мурдагы жылга караганда 63,8 млрд сомго көп экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG