Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Акыйкатчы: Кордолгон аялдарды, балдарды коргоонун жаңы багытын баштадык


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга жардам берүүнүн жаңы багытын баштаганын бүгүн 3-мартта билдирди. Абдрахматованын айтымында, алардын укугун коргоо ишинин бардык стадияларына бейөкмөт уюмдардын эксперттери жана адвокаттар менен бирге катышуу каралып жатат.

Ошондо, өлкөнүн башкы укук коргоочусу белгилегендей, жабыркагандарды колдоонун мамлекеттик системасын натыйжалуу жана ар бири үчүн жеткиликтүү кылууга өбөлгө түзүлөт.

«Демилгенин максаты – тийиштүү жардам ала албай койгон конкреттүү бир аялга, конкреттүү бир балага алар өз көйгөйү менен өзүлөрү жалгыз калбашы үчүн биргелешип жардам берүү, мекеме аралык кызматташууну күчөтүү. Иштин жаңы багыты кордук көргөндөргө юридикалык жардам берүү, социалдык жана психологиялык колдоосун көрсөтө тургандарга жөнөтүү, керек болсо баш калкалай турган убактылуу жайын таап берүүгө чейинки механизмдерди камтыйт», - дейт акыйкатчы.

Көз каранды эмес изилдөөлөрдүн жыйынтыгында аныкталгандай, зордук-зомбулукка кабылган аялдар менен балдардын окуясынын 60% жабык бойдон кала берет, себеби алар кимге, кайсы жакка кайрылууну билишпейт, айрымдары мамлекеттик органдарга ишенбейт.

Акыйкатчы жыл сайын ага 200дөй аял жана бала боюнча кайрылуу түшөрүн, бул окуясын ачык айтып чыккандар гана экенин белгилөөдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG