Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:24

Жапония буга чейин белгисиз 7 миңден көп аралды ачты


Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу аралдардын тобу. 2012-жыл
Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу аралдардын тобу. 2012-жыл

Жапониянын геомейкиндик маалымат агенттиги өлкөдө мурда аныкталбаган 7 миңден ашык арал бар экенин билдирди. Жаңы маалымат заманбап технологиянын жардамы менен жарыяланды. Алар өтө кичинекей жана алыста болгондуктан картага киргизилген эмес.

Акыркы жолу Жапониянын расмий картографиясы 1987-жылы жаңыланган. Маалыматтарды чогултууда негизги ролду Жээк коопсуздук күчтөрү ойногон. Анда мамлекеттин аймагында 6852 арал бар экени айтылган. Жаңы кайра эсептөөдө санариптик технологиялар жана спутниктен тартылган сүрөттөр колдонулду. Натыйжада тизмеге дагы миңдеген арал кошулуп, алардын саны 14125ке жеткен.

CNN кабарлагандай, эсепке суу менен курчалган жана диаметри 100 метрден кем эмес жерлер камтылган. Арасында жасалма аралдар жок.

Жапония менен Орусиянын ортосунда Түштүк Курил аралдарына байланыштуу талаш уланып келатат. Ал жерлер Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин СССРдин көзөмөлүнө өткөн. Жапония алар СССРге, кийин анын мураскери катары Орусияга мыйзамсыз берилген десе, Орусия аталган аралдарды өзүнүкү деп эсептейт. Эки өлкө тынчтык келишимин түзүү боюнча диалогун токтото элек.

Андан тышкары Түштүк Кытай деңизиндеги адам жашабаган Сенкаку аралы дагы талаштуу. Алар жапондордун көзөмөлүндө, бирок Кытай ага көз артып келет.

70 жылдан ашуун убакыттан бери Жапония менен Түштүк Кореянын ортосунда Жапон деңизиндеги аралдар тобу да талаш абалда. Сеул ал жерлерди Токто десе, Токио Такешима деп атайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG