Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:45

Президент жаңы ипподромго жер бөлүп, ордуна ипотека үйлөрүн курууну сунуштады


Президент Садыр Жапаров "Ак-Куланын" азыркы абалы менен таанышты.
Президент Садыр Жапаров "Ак-Куланын" азыркы абалы менен таанышты.

Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданынын ордуна ипотекалык кабат үйлөрдү куруп, жаңы ат майданга жер караштыруу керек экенин президент Садыр Жапаров билдирди. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, мамлекет башчысы “Ак-Кулага” бүгүн 3-мартта барды:

“Мамлекет башчысы ипподромду кыдырып, анын учурдагы абалын көрүп чыкты. Садыр Жапаров заманбап жаңы ипподром куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча сунуш киргизүүнү, ошондой эле учурдагы ипподромду бузуп, анын ордуна калкка жеңилдетилген ипотекалык насыя менен берилчү көп кабат үйлөрдү салуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды”.

Улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүүчү, үч миң орундуу «Ак-Кула» ат майданы 1947-курулган. Мэрия анын жалпы аянты 57,4 гектар, 1,6 гектары боюнча соттук териштирүүлөр жүргөнүн, ипподром авариялык абалда, адамдар үчүн кооптуу экенин, техникалык абалы нормаларга жооп бербей калганын билдирип келет.

Ал жерге футбол стадиону салынары тууралуу да сөздөр тарап, мэрия андай маалыматты четке каккан жана жаңысын куруу үчүн кеминде 70 миллион доллар инвестиция сала ала турган инвесторду издөө караштырылып жатканан билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG