Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:00

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы митингде ондогон адам кармалды


2-марттагы протест учурунда тартылган сүрөт.
2-марттагы протест учурунда тартылган сүрөт.

Грузияда "чет элдик агенттер" мыйзам долбооруна каршы демонстрацияда полиция бери дегенде 36 кишини кармады. Ички иштер министрлиги бул маалыматты бышыктады. Аларга "майда бейбаштык" жана "полицияга баш ийген жок" деген айыптар коюлуп жатканын "Азаттыктын" грузин кызматы жазды.

Арасында "Публика" басылмасынын редактору жана "Табулы" басылмасынын кабарчысы да болгонун, алар түн жарымында бошотулганын "Эхо Кавказа" кабарлады.

2-мартта нааразылыкка чыккандар парламентте бийликтеги партия колдогон талаштуу “чет элдик тыңчылар” мыйзам долбоору боюнча комитеттик угууну үзгүлтүккө учуратышты.

Бийликчил “Грузин кыялы” партиясынын өкүлдөрү менен оппозициялык көз караштагы депутаттар мушташканы тартылган видеолор маалымат каражаттарына жарыяланды.

"Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө" жана "Чет элдик агенттерди каттоо жөнүндө" мыйзам долбоорлорун "Элдин күчү" кыймылы сунуштаган. Ага каршылар документ Орусияда мурда кабыл алынган мыйзамга окшош экенин, ал жарандык коомду куугунтукка алууга багытталганын белгилешүүдө.

“Элдин күчү” жана бийликчил “Грузин кыялы” партиясы эки мыйзам долбоорун тең биринчи окууда жактырууну пландап жатканы кабарланган.

Европа Биримдиги мындай мыйзамдардын кабыл алынышы Грузиянын Евробиримдикке талапкер болушуна шек жаратарын, шаркеттин талаптарына жана баалуулуктарына туура келбей турганын маалымдады. Кошмо Штаттар да тынчсыздануусун билдирди.

Февраль айында Грузиядагы 60тан ашык маалымат каражаттары жана коомдук уюмдар эгер мыйзам кабыл алынса, аны аткарбай турганын билдиришкен. Президент Саломе Зурабичвили мыйзам долбоорун артка кайтарарын, бирок парламент анын ветосун жокко чыгара аларын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG