Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Кагазда каралган, жашоодо корголбогон адам укугу


Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Адам укугу жөнүндө жалпы декларация (пакт) кабыл алынганына быйыл декабрда 75 жыл толот. Адамзат бул датаны эл аралык мыйзамдардын бузулушун апогейине жеткирүү менен белгилей турган болду көрүнөт. Эл аралык мыйзамдардын көбү алигиче мыйзам күчүнө кире элек. Тилекке каршы, бул терс көрүнүштү тастыктаган мисалдар жетиштүү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы атайы чукул чакырылган сессияда Орусияга Украинанын аймагынан чыгып кетүү талабын билдирген резолюция кабыл алды. 141 мамлекет колдоду, жети өлкө каршы добуш берди, 32 өлкө, анын ичинде БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү Кытай калыс. Баш катчы Антониу Гутерриш Орусия эл аралык мыйзамдарды бузду деди сессияны ачып жатып. “Быш” деп коебу, мындай кепке Москва? Албетте, тоготпойт. Орус лидери Владимир Путин 21-февралдагы кайрылуусунда Батышты, ири алдыда Кошмо Штаттарды айыптады. "Согушту баштаган ушулар, аралашкан иши азап, баскан изи кандуу, маселен, 2001-жылдан бери АКШ баштаган согуштардын натыйжасында 900 миң киши ажал тапты, 38 миллион адам качкынга айланды, Батыш эсепсиз байып жатат", - деди орус президенти.

Украинага байланыштуу кимиси кайсы эл аралык макулдашууну жана принципти, кандай жобону кантип бузганы тууралуу дискуссиянын өзү эле эл аралык деп аталган мыйзамдардын сакталышы проблема экенин даана көрсөтүп турат.

Батыш орус лидерлерин аскерий кылмыш үчүн жазалайбыз деп камданууда. Гаагада эл аралык соту бул ишти кароого документ топтой баштаганы маалым. Демилгечилердин бири АКШ. Бирок Америка да, Орусия да Рим статутун (согуш кылмыштары үчүн жазалоо маселелерин аныктаган эл аралык документ) тааныбайт. Эл аралык документти тааныбаган мамлекеттердин бири башкасын ошол документтин негизинде жазалоого чакырганын түшүнүү кыйын.

Баардык адамдар тең укуктуу

Адам укуктары идеясы жайдак жерде жаралган эмес, эзелки умтулуулардын, эчен кармаштын натыйжасы. Декларацияга карай дүйнө азаптуу жана узак жол баскан. Адамзат адамдардын жалпы укуктарын конкреттештирип, тактап, аларды кол тийгис баалуулук жана ушул декларацияны тааныган ар бир мамлекет ошол укуктарды сактоого, сыйлоого тийиш экендигин аныктаган эл аралык башкы документ. Адам укуктары жөнүндө эл аралык билль, экономикалык, социалдык жана маданий укуктар, жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактылар бир бүтүндүктү түзөт.

1948-жылы кабыл алынган Декларация "Баардык адамдар тең укуктуу, жашоого жана эркиндикке укуктуу" деп башталат да адамдын негизги, ажырагыс жана табигый укуктары саналат. Декларациянын тексти талкууланып, кабыл алганда Башкы ассамблеянын сессиясында СССР, Беларус, Украина союздук республикалары “калыс” добуш беришкен. СССР белгилүү себептерден улам Декларациядан чочулаган, тыюу салган, адам укуктары тууралуу кеп козгогондор диссидент аталып, куугунтукталган.

Бириккен Улуттар Уюму кабыл алган расмий документ - Декларация БУУнун негиздөөчүлөрүнүн бири, анын башкы органы Коопсуздук кеңешинин анык мүчөсү Советтер Союзунда тыюу салынган адабияттардын тизмесине кирген. Парадокс, бирок факт. Диктатордук режимдер, тоталитардык саясий системалар адам укуктарынан жаа бою качат окшобойбу, атаганат.

Бириккен Улуттар Уюму ар жылы дүйнөдөгү адам укуктарынын сакталышы жөнүндө докладын жарыялайт. БУУнун адам укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзгөн атайы органы –Комитети жана Кеңеши сыяктуу институттары да бар. Айтмакчы Кыргызстан адам укуктары боюнча кеңешке кайрадан мүчө болуп кирди. БУУнун адам укуктары боюнча Комитети ар жылы ар кайсы өлкөдөн адам укуктарынын бузулгандыгы тууралуу даттанууларды, кайрылууларды карайт, талдайт жана тиешелүү мамлекетке өз сунушун берет.

Комитеттин чечими сунуш иретинде болгону менен, мамлекеттер өз аброюн кам көрүп, эске алууга ниетин билдирет. Бул идеалда. Иш жүзүндө теңирден тескери. Сейрек учурларда аткарылбаса, дээрлик бардык өлкөлөр Комитеттин чечимине кайдыгер, “баргыла ары, өзүм билем” деп орой, кескин каяша кылбаса да, аткарууга шашылбайт. Аналитиктер Комитеттин чечимин аткарууга шайкеш механизмдер жок деген көз карашка көбүрөөк ыктайт.

АКШ менен Кытайдын атаандаштыгы

Биринчиден, бул чындыгында мамлекеттердин бир кезекте өзү кабыл алган жана ратификациялаган декларацияга, өзү мүчө болгон Бириккен Улуттар Уюмуна, баарыдан мурда ошол укуктарга мамилесине жараша. Экинчиден, тигил же бул жагдай боюнча комитеттин чечимине тушуккан мамлекеттер эл аралык уюмдар ички иштерге кийлигишүүнүн инструментине айланды деп эсептешет. Андан да кызыгы, адам укугу боюнча үлгү болгусу келген АКШ жана кубаттуу мамлекет Кытай саясий жана жарандык укуктар жөнүндөгү пактынын Факультативдик протоколуна кошулбайт. Демек аларга Комитеттин чечими эч кандай күчкө ээ эмес, эсептешмек турсун, кароого жараксыз нерсе.

Ал эми жанагы Пактыны тааныгандар, АКШдан кем эмес демократиялуу мамлекеттер деле Комитеттин чечимин, Кеңештин сунуштарын анча тоготпойт. Маселен, 2016-жылы Улуу Британия Комитеттин Ж. Ассанж боюнча чечимин болбогон кеп деп кулак салган эмес. Жарандык расмий документтер (паспорт, күбөлүк ж.б.) үчүн сүрөткө чалма кийип түшүүгө болбойт деген жобого каршы сикхтердин Франция өкмөтүнө доосун Комитет канааттандырган. Франция буга өлкөнүн мыйзамдары эл аралык жана европалык стандартарга шайкеш келет, эч кимдин эч кандай укугу бузулган жок деп Комитеттин чечимин четке каккан. Мындай мисалдар өтө көп. Ар жылы жүздөгөн иштер каралат, ондогон чечимдер чыгарылат. Аткарылган чечимдер сейрек.

Албетте, адегенде Комитетте, БУУ адам укуктары боюнча Кеңешинде, тигил же бул өлкөдөгү абал, кайрылуулар талкууланат. Комитет жана адам укуктары боюнча кеңеш докладдарын жарыялайт, өлкөлөр улуттук, отчетторун даярдайт, жоопторун камдайт, андан тышкары ошол өлкөлөрдүн мамлекеттик эмес уюмдары альтернативдүү отчетторун берет. Кыскасы, бир далай дискуссия жүрөт. Бирок ошол дискуссиялар дискуссия деңгээлинен көтөрүлбөйт. Ал эми адам укуктарынын декларациясындагы укуктар кыялдануу, кооз сөздөр сымал дале декларация бойдон калып, чындыкка айланмагы дагы көп аракетти талап кылчудай. Ал ишке ашканча мамлекеттер карап турмакпы, адам укугун баалай турганын жарыялап, бирок аны сактабай коюунун не бир түркүн айласын ойлоп табары бышык.

Экинчиден, адам укуктарынын сакталышын ар ким каалагандай түшүнүүгө өтө баштады. Мисалы, Американын Мамлекеттик департаменти, ар жылы адам укуктары боюнча доклад жасап, ага удаа коомдук уюмдар үндөш баяндарды жарыялап, ар кайсы өлкөлөрдөгү абалды сындап, акыл айтып, эскертип, моюн толгогондорго санкцияларды, түркүн чектөөлөрдү киргизип келчү. Адам укуктарын сактоо жана демократияны колдоо - бул Американын ыйык миссиясы деген аныктаманы америкалыктар бөркүндөй эле көрүшөт.

"Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун Америка өз кызыкчылыктарын коргоого тийиш жана ага кудурети жетет. Адам укугу жана демократия улуттук кызыкчылыктардын анабашы. Америка өкмөтү улуттук кызыкчылыктарды коргоого милдеттүү, ал үчүн Америка баарына даяр". Ушул тезис Американын улуттук коопсуздук стратегиясынын башкы жобосу, тышкы саясий доктринасынын анабашы. Эми минтип Кытай бир нече жылдан бери Америкадагы адам укуктарынын бузулушу тууралуу докладын жарыялай баштады.

Эгерде буга чейин адам укуктары боюнча маселелерде Америка жана Европа негизги, монополисттик позицияны ээлеп, дүйнөдө адам укуктарынын башкы сактоочулары катары ролду ойноп келсе, Кытай Американын өзүн сындай турган болду. Демек, мындан ары Америка менен Европанын адам укуктары, сөз эркиндиги боюнча маселелерди актуалдаштырууга, дискуссияларды жана аракеттерди демилгелөөгө эзелки монополиясына доо кетирчү ишти баштады. Ошентип эл аралык мыйзамдардын кризиси даана көрүнүп турат. Ал эми адам укуктары декларация кабыл алынган 75 жылдан соң деле кыял сымал, бүдөмүк, закым.

Эл аралык мыйзамдар системасы, Бириккен Улуттар Уюму бардык суверендүү мамлекеттердин келишимдери менен түзүлгөн. Мамлекеттер гана ушул келишимдерди иштеп чыккан легитимдүү саясий субъекттер. Адам укуктарынын сакталышы жана мамлекеттер аралык мамилелер ошол мамлекеттерге жараша болмогу анык. Суверендүү мамлекеттердин биримдиги болгон соң ошол мамлекеттер аралык мамилелерди жөнгө салуучу, адам укугун ишке ашыруучу орток механизмдердин тутумун түзүп алуу абзел.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG