Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:11

Шрёдердин партиясы аны Москва менен байланышы үчүн жазалабайт


Шрёдер Путин менен. Архивдик сүрөт
Шрёдер Путин менен. Архивдик сүрөт

Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шрёдердин партиясы аны Орусиянын мамлекеттик компаниялары менен байланышы үчүн жазалабайт.

Жергиликтүү маалымат каражаттары мындай кабарды 2-мартта таратышты. Социал-демократиялык партиянын арбитраждык комиссиясы экинчи инстанцияда экс-лидерди өз катарынан чыгарууга каршы добуш берди.

Демилгени партиянын 17 регионалдык уюму көтөргөн. Алардын билдирүүсүндө, Украинадагы согуш башталгандан бери Шрёдер Москвадан жана президент Владимир Путинден, Орусиянын газ секторунан оолактаган жок.

Саясатчы согуш тууралуу карама-каршылыктуу билдирүүлөрдү жасаган, «Роснефть», «Газпром», «Түндүк агым AG» компанияларынын пайдасына ишмердигин токтоткон эмес.

Былтыр августта комиссия биринчи инстанцияда Путин менен дос мамилеси партиянын уставын бузбайт, бул анын жеке иши деп чечкен.

Саясатчы 1998-2005-жылдары канцлер болуп турду, Социал-демократиялык партияны 1999-2004-жылдары жетектеген.

Былтыр май айында атайын укуктары алынып салгандан кийин Шрёдер аларды калыбына келтирүү үчүн Бундестаг менен соттошууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG