Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Башкы прокуратуранын ордуна салына турган долбоорго каршы пикир айтылды


Өрттөнгөн имарат сүрөт тартылган тосмо менен бир нече жыл жабылып турду.
Өрттөнгөн имарат сүрөт тартылган тосмо менен бир нече жыл жабылып турду.

Башкы прокуратуранын мурдагы имараты жайгашкан жерге соода борборун куруу долбоору Бишкек шаардык кеңешинин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясында айрым депутаттардын сынына кабылды.

Алар шаардын борбордук бөлүгүндөгү тыгын көйгөйүн чечүү үчүн ал жерге көп ярустуу, акы төлөнүүчү борбордук унаа токтотмо салса болмок деген пикирин айтышты.

Депутат Таалайбек Дайырбеков долбоорду ишке ашырууда жалган бирөөлөр аралашканын, аны ишке ашыруу мүмкүн эместигин белгиледи:

“Ал жер соода борборун курууга ижарага берилиптир. Бирок ошол эле акчаны башкача жол менен тапса болот эле да. Жок, баарын тескери жасап, тыгын маселеси ого бетер курчуй тургандай кылып жатышат. Соода борборун курса азыркыдан да чоң тыгын болот”.

Депутат Рысбай Аматов ал жерге муниципалдык унаа токтотмо куруу сунушун буга чейин да айтып келгенин кошумчалады:

“Ал жерди бербегиле деп эки жолу сессияда чыгып айткам. Көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куралы дегенбиз А силер өчөшкөнсүп берип салдыңар. Эмне, бизде соода борборлору жокпу? Бүт жакка соода борборлору курулган”.

Мурда Башкы прокуратура жайгашкан жерге салына турган жаңы имараттын долбооруна ачык сынак жарыяланганы 1-мартта белгилүү болгон. Имаратты Бишкек мэриясынын электрондук аукционун утуп алган «Шаако» ишканасы курмай болууда.

Ишкананын жетекчилиги мэрия менен түзүлгөн келишимге ылайык жер тилкесин беш жылга ижарага алып жатышканын, бул үчүн жалпысынан 30 миллион сом төлөп бере турганын, курулган имараттын аянтынын 10% мэриянын балансына бекер өткөрүлүп берилерин билдирген. Имаратта музей, көргөзмө жана конференц залдары, 3-4 кабат жер астында автомашина токтотмо жайы да жайгашары маалым болгон.

Жердин жалпы аянты 40 сотка. Ага мэрия ээлик кылат.

Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратта мурда Башкы прокуратура жайгашчу. 2010-жылдын Апрель окуяларында ал жерде өрт чыгып, имарат жараксыз абалга келген жана ошондон бери ал ар кандай жарнамалар менен жабылып турган.

2018-жылы мэрия имараттын ордуна гүл бакча ачыларын жарыялап, коомчулук шаар бийлигинин бул чечимин кубаттаган. Ага чейин автоунаа үчүн токтотмо ачуу жөнүндө сунуштар да айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG