Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:35

Акылбек Жапаров кызмат көрсөтүү тармагына Face ID киргизүүнү сунуштады


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик же менчик экенине карабай өлкөдөгү кызмат көрсөтүүнүн бардык түрүнө адамдын тек-жайын аныктоочу Face ID системасын киргизүү зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу 2-мартта өткөн Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жыйынында сөз болду.

“Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө эле эмес, банктарда, нотариустарда жана ооруканаларга кайрылган жарандардын тек-жайын аныктоо үчүн биометрикалык идентификацияны (Face ID) киргизүү зарыл”, - деген Жапаров.

Эки жыл мурун Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоого чейин жарандардын бир жерден экинчи жерге жапырт катташына бөгөт коюш үчүн Face ID тутумун колдонгон жаңы эрежелер киргизилгенин жарыялаган.

Кыргызстанда атуулдардын биометрикалык маалыматтары жарандык паспортко тиркелет. Акыркы 5-6 жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү иштерин жүргүзүп келет. (BCh)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG