Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:28

Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча британиялык ишкана менен меморандум түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча британиялык ишкана менен меморандум түздү. Документке энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Minddock Limited DBA Enterprise Energy Investments компаниясынын директору Роберт Битхард кол коюшту.

Эки тарап тил табышып, долбоорду ишке ашырууга киришсе төрт гидроэлектростанция курулат. Алар – Ак-Булуң жана Нарын-1,2,3 ГЭСтери. Жалпы кубаттуулугу 237,7 МВт жана жылдык орточо иштеп чыгуусу 942,4 млн кВтс болот.

Министр Ибраев электр энергиясын колдонуучулар күн санап көбөйүп жатканын, Жогорку Нарын ГЭС каскады курулса электр энергиясынын тартыштыгы азаярын белгиледи.

Меморандум 15-апрелге чейинки мөөнөткө түзүлдү. Бул аралыкта тараптар долбоор боюнча талкуусун улантып, бир чечимге келиши шарт.

Кыргызстанда быйыл январдын ортосунда суук катуу болуп, электр энергиясын керектөө көбөйгөндүктөн бийлик жарыкты кезек-кезеги менен өчүрүп турууга мажбур болгон. Президент Садыр Жапаров тармак “чала жан” абалга кептелгенин эскертип, Кыргызстан эгемендик алгандан бери элдин саны дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнү менен бир дагы ГЭС курулбаганын, Союз мезгилинде курулган жабдыктар 80% эскиргенин, энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомду түзүп турганын айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG