Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:11

Бишкек мэри мындан ары мыйзамсыз курулушка жол берилбесин билдирди


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бүгүн, 1-мартта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров басма сөз жыйынында, мындан ары баш калаада мыйзамсыз курулушка жол берилбесин билдирди.

"Жаңы конуштарда көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамсыз куруп алышыптыр. Эми курулуп, эл жашап калгандан кийин биз анын тургундарын кууп чыга албайт экенбиз. Бирок мындан ары Бишкектин архитектуралык башкаруусун өзүмө бергиле деп жатам, мындай мыйзамсыз курулуштар болбойт".

Кыргызстанда мамлекеттик органдардын уруксаты жок курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн саны 87, алардын 34ү (кээ бир маалымат боюнча 35) Бишкекте экени 21-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде маалым болгон.

Мамлекеттик архитектура, курулуш департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу аларга мунапыс жарыялоо пландалып жатканын, ар бир үй текшерилерин, уруксат ошонун негизинде берилерин айткан.

Уруксатсыз курулган кабат үйлөрдү мыйзамдаштыруу маселеси аталган комиссиянын 22-февралдагы отурумунда да көтөрүлүп, айрым депутаттар андайга жол бербөө керектигин айтышкан.

Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин Бишкек боюнча башкармалыгынын башчысы Жоодарбек Атакеев мунапыс баарына эле берилбей турганын, сейсмикалык туруктуулук жана башка талаптар боюнча кылдат текшерүү болорун айткан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG