Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Блинкен АКШ-Борбор Азия жыйынын өткөрүү үчүн Астанага барды


Энтони Блинкен. Архивдик сүрөт.
Энтони Блинкен. Архивдик сүрөт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бүгүн 28-февралда расмий сапар менен Казакстанга барды. Астанада ал Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен С5+1 форматында жолугушуу өткөрөт.

Бул анын аталган аймакка америкалык президент Жо Байдендин администрациясынын башкы дипломаты катары барган алгачкы сапары.

Кыргызстандан жыйынга тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев катышууда.

Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы менен жолугушуусу Орусиянын Украинада жүргүзүп жаткан согушуна бир жыл болгон маалда уюштурулуп жатат. Серепчилер бул согуш Борбор Азияны өзүнүн таасири алдындагы аймак катары эсептеген расмий Москва үчүн сыноо болгонун, аймактын лидерлери Орусияга каршылык көрсөтүүдөн коркпогонун белгилеп жатышат.

24-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 141 мүчөсү Орусияны аскерлерин Украинадан чыгарып кетүүгө чакырган резолюцияны колдоду. Добуш берүүдөн карманган 32 өлкөнүн арасында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан бар.

Блинкен бул сапарын утурлай Twitter баракчасына Борбор Азия менен өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын жазган.

Астанада ал Казакстандын жетекчилери менен да жолугушууларды өткөрөт. Андан кийин Өзбекстанга барат.

C5+1 саммитинде экономика, энергетика, экология тармактарындагы кызматташтык маселелери менен катар АКШнын Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркменстан жана Өзбекстан менен коопсуздук жаатындагы мамилелери талкууланары кабарланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG