Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Иранда болот компаниясынын бир нече кызматкери иш таштоо маалында кармалды


Мунайчылардын иш таштоосу. 22-декабрь 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт
Мунайчылардын иш таштоосу. 22-декабрь 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

Ирандагы Жумушчулардын эркин кошууну маалымдагандай, Исфахандагы болот ширеткен компаниянын бир нече кызматкери өнөр жай комплексинин аймагында иш шарттарына нааразылык билдирген митингдер учурунда камалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" иран кызматы - “Фарда” радиосу жазды.

Жумушчулар 25-февралдан бери иш таштаган. Алар шарттарын жакшыртууну, айлык акыларын көтөрүүнү талап кылууда.

Кошуун камалгандардын абалы, саны жана кандай айып тагылганы беймаалым экенин билдирди. Сөз болгон компаниянын жумушчулары акыркы айларда бир нече жолу жапырт иш таштаган. Жашоо-турмун начарлаганы Ислам жумуриятында нааразылык өсүүдө.

Ирандын Эмгек кодексинде жумушчулардын эркин профсоюз түзүү укугу каралган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG