Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Орусия Украинага ирандык дрондор менен сокку урду


Ирандык "Шахид" дрону. Иллюстрациялык сүрөт
Ирандык "Шахид" дрону. Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын аскерлери дүйшөмбүгө караган түнү "Шахид" дрондорунан чабуул койгонун Украинанын куралдуу күчтөрү билдирди. Алдын ала маалыматка караганда, 11 учкучсуз аппарат атып түшүрүлдү. Хмельницкий облусунун башчысы Александр Симчишин бир киши каза тапканын, төртөө жарадар болгонун, бир нече имаратка зыян келтирилгенин маалымдады.

Киев шаарынын администрациясы тогуз дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Набыт болгондор жок.

Запорожье облусунун бийлиги тараткан маалыматка ылайык, ээн турган жарандык инфраструктуралык жайга эки дурмөт тийди.

Киев жарандык объектилерге ирандык "Шахид" деген "жанкечти" дрондордон сокку урганы үчүн Москваны айыптап келатат. АКШнын маалыматына караганда, Иран Орусияга андай жабдыктан жүздөгөн даана берген. Москва айыптоолорду четке кагууда.

Былтыр ноябрда Тегеран Москваны дрондор менен камсыз кылганын биринчи жолу моюнга алып, ошол эле маалда пилотсуз учактар согуш баштала электе берилгенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG