Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:18

Абактагы Тенгиз Бөлтүрүк президентке кечирим сурап кайрылды


Тенгиз Бөлтүрүк сотто. 2022-жыл.
Тенгиз Бөлтүрүк сотто. 2022-жыл.

Абакта отурган Тенгиз Бөлтүрүктүн 14-февралда президентке жазган катын анын жактоочусу Кайсын Абакиров 27-февралда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Ал кетирген катачылыктары үчүн Садыр Жапаровдон кечирим сурап, жардам берүүсүн өтүнгөн. “Кумтөрдөгү” системалашкан коррупцияны толук жок кылууга алы жетпегенин, бирок өзү бул схемага аралашпаганын жазган.

“Жумасына 75-80 саат иштесең да, баары бир “Кумтөрдүн” жана улуттук холдингдин (ред: - “Улуу көчмөндөр мурасы”) иштерин, кесиптештерди жалгыз көзөмөлдөгөнгө үлгүрбөдүм”, - деп жазылган катта.

Бөлтүрүк "өзүнө ишеним көрсөтүлсө, кызматташууга, өкмөттөгү кимдир бирөөгө тоскоолдук кылып жатса, Канадага чыгып кетүүгө даяр экенин" айткан.

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" 2022-жылдын августунда текшере баштаган жана жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Тенгиз Бөлтүрүк баштаган айрым кызматкерлер сентябрда камалган.

Эсептөө палатасы 3-февралда "Кумтөр" компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин, Бөлтүрүк жетектеп турган учурда корогон каражат, чыгымы тууралуу отчет жарыялаган. Анда "Кумтөр" бул убакыт аралыгында "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингин каржылоого 1,9 миллион доллар короткону аныкталган. Акчанын көбү - 1 млн. 148,3 миң доллар чет элдик адистердин айлыгына кеткен. Жаңы кеңсенин ижарасына 100,5 миң доллар короткон, жергиликтүү адистердин маянасына 407,6 миң доллар, келишимдик негизде иштегендерге 175,8 миң доллар төлөнгөн. Кеңсе эмеректерин алууга, дизайнын иштеп чыгууга 2,3 млн. доллар короткону белгилүү болгон.

Мындан сырткары "Кумтөр" компаниясы улуттук холдингге 32 долбоорду ишке ашырууга каражат бөлгөнү жазылган.

Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров бул отчет “коомдук аң-сезимди манипуляциялоого, президент Садыр Жапаровго Тенгиз Бөлтүрүктүн күнөөлүү экенин жасалма көрсөтүүгө багытталганын” жарыялаган.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG