Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Ирандын валютасы рекорддук деңгээлде арзандады


Ирандын валютасы (риал).
Ирандын валютасы (риал).

26-февралда Ирандын валютасы АКШ долларына карата рекорддук төмөн көрсөткүчкө түштү. Бул Ирандын өзөктүк программасы талашка түшүп, адам укуктарынын бузулушунан жана Орусияга учкучсуз учактарды сатуудан улам өлкө эл аралык коомчулуктан обочолонуп жаткан учурга туура келди.

Bonbast.com эл аралык биржанын сайтындагы маалыматка ылайык, бир АКШ доллары Ирандын бейрасмий базарында 24-февралда 540 000 риал турса, 25-февралда 540 000 көтөрүлүп, ал эми 26-февралда 601 000 риалга жеткен.

Иран бийлиги адаттагыдай "өлкөдө башаламандык жаратууну көздөп жаткан сырткы душмандарды" күнөөлөдү.

Былтыр сентябрда Махса Амини атту кыз "хижаб кийүү эрежесин бузган" деп кармалып, Адеп-ахлак полициясында каза болгондон кийин ирандыктар аялдардын укуктарын коргоп жапырт нааразылыкка чыгышкан. Андан бери миңдеген адам кармалды, айрымдары дарга асылды. Эл аралык уюмдардын эсебинде демонстрациялар күч менен басылганда 500гө жакын адам набыт болгон. 60тан ашык коопсуздук кызматкери көз жумган.

Тегеран эл аралык коомчулуктун айыптоолоруна реакция жасай элек. Бирок өлкөдө тутанган акциялар үчүн Батышты күнөөлөп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG