Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:26

АКШнын чалгын кызматы: Кытай Орусияга курал берүүнү караштырууда


АКШнын чалгын кызматынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс.
АКШнын чалгын кызматынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс.

АКШнын Чалгын кызматынын директору Уильям Бернс Кытай бийлиги Орусияга Украинадагы согушта колдонула турган курал-жарак берүү мүмкүнчүлүгүн карап жаткандыгы тууралуу маалыматы бар экендигин билдирди. Бирок анын айтымында, Бээжин азырынча акыркы чечимди кабыл ала элек. Бул тууралуу ал CBS News телеканалынын эфиринде билдирди.

Буга чейин Кытай Орусияга курал-жарак берүү тууралуу келишим түзүшү мүмкүн экендигин CNN, Financial Times жана Spiegel сыяктуу абройлуу батыш медиа каражаттары жазып чыгышкан. Өткөн жумада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен АКШ мындай келишимге каршы экенин жана Бээжин муну ишке ашыра турган болсо, кесепети оор болорун билдирген.

Бернстин айтымында, учурда АКШнын атайын кызматында Кытай Орусияга курал-жарак берип жаткандыгы тууралуу эч кандай дилил жок. АКШ бийлиги бул маселени утур-утур көтөрүү менен Кытай бийлигин Орусияга курал-жарак берүү ниетинен баш тарттырууга ынандыргысы келет.

Кытай жакында эле 12 пункттан турган тынчтык планын сунуштады. Анда мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн урматтоо, сүйлөшүүлөрдү алдын ала коюлган шарттары жок баштоо, "Кансыз согуш" менталитетинен баш тартуу, Орусияга каршы кабыл алынган санкцияларды айыптоо сыяктуу бир катар сунуштар камтылган. Бирок анда согушту токтотууга багытталган иш-аракеттер сунушталган эмес.

Батыш өлкөлөрүнүн лидерлеринин көбү Кытайдын сунушун салкын кабыл алып, ал Орусияга гана ыңгайлуу экенин ишарат кылышкан. Франциянын президенти Эммануэл Макрон Кытайдан Орусияга басым жасоого жардам берүүсүн өтүнүп, Бээжинди курал-жарак бербөөгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG