Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:13

Жапаров Баткенде курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты менен таанышты


Баткен. 25-февраль, 2023-жыл
Баткен. 25-февраль, 2023-жыл

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги чек ара жаңжалында талкаланган турак жайлардын курулушунун сапаты менен таанышты. Өкмөттүн расмий сайты маалымдагандай, ал Баткен районундагы Капчыгай жана Ак-Сай айылдарында, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк айылында, Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылында салынган үйлөргө барды.

“Оору кайсы жерде болсо, жаның ошол жерде” дейт. Баткенде тынчтык болмоюнча, Баткен өнүкмөйүнчө – баарыбыздын ишибиз, аракетибиз ушул жерде болот”, - деген Акылбек Жапаров жергиликтүү эл менен жолуккан учурда.

Баткен жана Ош облустарынын кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган аймактарын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө жыйыны Баткенде өтүүдө. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек ара жаңжалында зыян тарткан ишкерлерге жана тургундарга компенсация берүү тездетилерин да убада кылды.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда жалпысынан 332 турак үйдүн курулушу толук бүткөрүлдү. Баш-аягы жарактан чыккан 418 үйдү жаңыдан куруу каралган. Ал эми калган 86 турак үй мартта пайдаланууга берилет деп айтылды.

Баткенди калыбына келтирүү иштерин "Аманат Курулуш Инвест" ишканасы жүргүзүп жатат. Ал компания ар бир үйдү келишимдин негизинде 3 миллион 315 миң сомго куруп жатканы белгилүү болгон. Былтыр декабрдын этегинде Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар курулуш иштери кечигип жатканын айтышып, аны жүргүзгөн компаниянын ишин сындап чыгышкан.

Президент Садыр Жапаров 1-февралда улуттук "Кабар" агенттигине маек куруп, Баткендеги курулуш иштериндеги коррупциялык схемалар тууралуу сын-пикирлерге жооп берди. Ал жемкорлук тууралуу маалыматтарды "акчадан куру калгандардын маалыматтык чабуулу" деп сыпаттаган.

2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тарткан. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз болгон. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон. Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, октябрда иш башталган.

Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан куралдуу кагылыштан 60тан ашык жаранынан айрылды. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун, үйлөр талкаланганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG