Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:23

Мариуполдо эмгектенген кыргызстандык Орусияга кире албай жатканын билдирди


Мариуполь, Украина. Сентябрь, 2022-жыл.
Мариуполь, Украина. Сентябрь, 2022-жыл.

Орусия басып алган Украинанын Мариуполь шаарында курулуш иштерине тартылган кыргызстандык жаран Орусиянын чек арасынан өтө албай калганын айтып, "Азаттыкка" кайрылды. Коопсуздугунан чочулап, аты-жөнүн атабаган жарандын айтымында, орус чек арачылары аны "кара тизмеде" деп, Орусияга өткөрбөй койгон.

"Москвага былтыр майда келгем. Мариуполго орусиялык курулуш компаниясы менен келишимдин негизинде келип, иштеп жаткам. Бул жакта иштегениме сегиз жарым айдан ашты. 24-февралда Орусияга кетейин десем, чек арачылар киргизбей коюшту. "Кара тизмеге" кантип, качан кирип калганым белгисиз, чек арачылар да ал жөнүндө маалымат беришкен жок",-деди ал.

Кыргызстандык жаран Мариуполдо курулушта иштеген башка дагы жыйырма чакты кыргыз жараны бар экенин, айрымдары кайра Орусияга кетишкенин кошумчалады.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул жарандын маселеси боюнча кабардар экенин, ушул тапта териштирүү жүрүп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Акыркы убактарда түрдүү Телеграм-каналдарда Украинанын Орусия басып алган аймактарында калыбына келтирүү иштерине мигранттарды чакырган жарыялар жайнап жүрөт. Андай иштерди "коопсуз" деп сыпаттап, 100 миң рублге чейин берүүнү убада кылган билдирүүлөр бар.

Орусия каратып алган аймактарда ишке тартылган мигранттар тууралуу расмий маалымат бериле элек.

“Азаттыктын” тажик кызматы Орусияда миграцияда жүргөн тажикстандыктар Орусия каратып алган Мариуполдо курулушта иштеп, маяналарын ала албай жатканын айткан. Өткөн жылдын декабрынан тарта Казакстандын жарандары да Мариуполго жибериле баштаганы белгилүү болгон.

Өткөн аптада Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко кыргызстандык мигранттарды Орусия басып алган аймактарга барбоого чакырган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG