Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

Кыргызстанда аскерге чакыруунун жазгы мөөнөтү башталды


Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери. Иллюстрация сүрөт.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери. Иллюстрация сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун 24-февралдагы жарлыгы менен милдеттүү жана альтернативдүү түрдө аскердик кызмат өтөөгө чакыруу башталды.

Аскерге чакыруунун жазгы мөөнөтү 2023-жылдын март, апрель, май айларында жүрөт. Жашы 18ге толгон, аскерге жарамдуу эркек балдар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө милдеттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылат.

Президент өзүнүн жарлыгында ошондой эле Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө жана башка аскердик түзүмдөрдө милдеттүү жана альтернативдүү түрдө аскердик кызмат мөөнөтүн өтөп бүткөн жоокерлерди запаска бошотуу боюнча буйрук кылды.

Кыргызстанда бир жолку милдеттүү түрдө армияга кызмат өтөөгө чакыруу күзүндө жана жазында жүрөт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG