Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Польша Украинага "Леопарддын" биринчи партиясын жеткирди


Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий менен Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде жолугушту. 24-февраль, 2023-жыл.
Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий менен Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде жолугушту. 24-февраль, 2023-жыл.

Польшанын бийлиги Украинага убада кылган 14 "Леопард" танкынын төртөөнү 24-февралда жеткирди.

Варшава танктардын калганын да мүмкүн болушунча тезирээк жөнөтүүгө кам көрүп жатканын поляк премьер-министри Матеуш Моравецкий украин президенти Владимир Зеленский менен Киевде жолукканда билдирди.

Польшанын коргоо министри Мариуш Блашак Польшадан, Канададан жана Норвегиядан келген адистер украин аскерлерин бул танктарды башкарууга үйрөтөрүн айткан.

Варшава Европадагы башка союздаштарын Украинага оор аскердик техниканы, анын ичинде танктарды берүүгө көндүрүүдө маанилүү роль ойногонун Reuters агенттиги жазды. Акыркы убакка чейин бир нече өкмөттөр, анын ичинде Берлин согуштун күчөп кетүү тобокелдигинен улам Киевге заманбап аскердик техника берүүдөн чочулашкан.

Узакка созулган талкуулардан кийин январда Германия Украинага Бундесвердин запастарынан "Леопард" танктарын берүүгө макул болгон. Андан тышкары бул танктарды сатып алган Евробиримдиктин өлкөлөрү дагы кол кабыш кылмакчы. Ошентип Киев кеминде 112 даана немис танкын алат.

Киев менен Берлин макулдашкандай, бул танктар дүйнөлүк коомчулук расмий тааныган украин-орус чек араларында жана Орусиянын аймагында колдонулбайт. Атайын техника Украинанын аймагын бошотуу үчүн гана пайдаланылат. Андан тышкары, АКШ да Украинага "Абрамс" танктарынан 31ди берүүнү чечкен.

Кремль Батыштын Украинага аскердик колдоосу "жаңжалды ырбатканы менен анын жүрүшүн өзгөртө албайт" деген позицияны билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG