Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Кемпир-Абад иши: Укук коргоочулардын эл аралык фонду кыргыз бийлигине кайрылды


Кармалгандардын жакындары аларды бошотууну талап кылып жаткан учур.
Кармалгандардын жакындары аларды бошотууну талап кылып жаткан учур.

Баш кеңсеси Дублин шаарында турган Укук коргоочуларды коргоонун эл аралык фонду (Frоnt Line Defenders) Кыргызстандын бийлигине кайрылып, Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды тез арада бошотууга чакырды. Уюм камактагыларга коюлган айыптарды алып салууга үндөп, айрыкча алардын арасындагы аялдардын абалына тынчсыздануу билдирген.

24-февралда таратылган кайрылууда камалгандан кийин саламаттыгы начарлап, ооруканага түшкөн Клара Сооронкулованын жагдайы белгиленген. Андан тышкары уюм Асия Сасыкбаеванын, Рита Карасартованын, Гүлнара Журабаеванын да абалына камтамачылык билдирип, кармалгандар эркин көз карашы, укук коргоочулук ишмердиги үчүн эч кандай басым-кысымга кабылбашы керек деп эсептейт.

2022-жылдын октябрында кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн. Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочулар кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” түзүлгөн.

Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Милиция алар "жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын" белгилеп, буга далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпатташат.

Президент Садыр Жапаров былтыр 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандар үчүн "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп эсептерин айткан. Ушул эле сөзүн былтыр декабрдын соңунда мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде дагы кайталаган. Мамлекет башчысы бул жагдайга сот чекит коёрун белгилеген.

Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-17-февраль күндөрү карап, көпчүлүгүн абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан. Саламаттагына байланыштуу Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев үй камагына чыккан.

Андан тышкары, Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова жана Мамбетжунус Абылов ооруканага которулган. Алар дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин тергөө абагына кайтарылат.

Иш жашыруун деген макам менен каралып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG