Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Пиязды сыртка сатууга уруксат берилмей болууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда пиязды сыртка сатууга кайрадан уруксат берилмей болууда. Айыл чарба министрлиги чектөөнү алып салуу тууралуу токтом долбоорун иштеп чыгып, өкмөткө бекитүүгө сунуш кылганын 24-февралда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Сунуш “Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында” иштелип чыкканы маалымдалды.

Кыргызстанда пиязды сыртка экспорттоого 31-январдан тартып үч айга тыюу салынган. Пияздын бардык түрүнө байланыштуу мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык жактан маанилүү товарлардын баасы жогорулап кетишине жол бербөө максатында көрүлгөнү белгиленген.

Февралдын башында пияздын баасы жогорулап, килограммы 60-70 сомго жетип, кийин арзандаган.

Маселе жакында парламентте көтөрүлүп, айрым депутаттар тонналаган пияз кампаларда жатканын, тез арада сыртка чыгарууга уруксат берилбесе анын баары жараксыз болуп каларын айтышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG