Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:21

Украинанын Кыргызстандагы элчилиги согуштун курмандыктарын эскерүүдө


Украинанын Кыргызстандагы элчилиги согуштун курмандыктарын эскерүүдө. 2023-жылдын 24-февралы.
Украинанын Кыргызстандагы элчилиги согуштун курмандыктарын эскерүүдө. 2023-жылдын 24-февралы.

Украинанын Кыргызстандагы элчилиги бүгүн 24-февралда соңку бир жыл ичинде согушта курман болгон жарандарын эскерүү иш-чарасын өткөрүүдө. Ага Кыргызстандагы украин жарандары менен катар жергиликтүү активисттер, укук коргоочулар, Франциянын, Жапониянын элчилери, Евробиримдиктин жана Британ элчилигинин өкүлдөрү да катышууда.

Элчи Валерий Жовтенко өткөн жыл ичинде украин эли кыйынчылыктарды жеңүүгө даяр экенин көрсөтө алганын айтты.

Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко.
Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко.

“Украина өз эгемендиги үчүн эрдигин көрсөтүп, Европа жолунда бара жатканын далилдей алды. Украина жеңишке карай баратат, ал өз аймагын Орусиянын агрессиясынан коргоодо”,- деди Жовтенко.

Туура бир жыл мурда Орусия Украинанын аймагына аскердик чабуулун баштаган. Өзү муну "атайын аскердик операция" деп атап келет.

Бир жыл ичинде Украинанын ондогон шаарлары тып-тыйпыл болуп, миңдеген калкы кырылды, миллиондогон жарандары качкын болуп жүрөт.

Кыргызстан эки өлкөнүн урушуна бейтарап позицияда экенин башынан айтып келе жатат.

Бүгүн Бишкекте Украинадагы согушта курман болгондору эскерүү үчүн чыккан жети адамды милиция кармап кеткенин “Кылым шамы” укук коргоо уюму билдирди. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG