Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Белгороддо Орусиянын Су-25 учагы кулап түштү


Орусиялык Су-25 аскердик учагы Украинанын аймагына сокку урууда. Иллюстрациялык сүрөт
Орусиялык Су-25 аскердик учагы Украинанын аймагына сокку урууда. Иллюстрациялык сүрөт

Украина менен чектеш Белгород облусунда Орусиянын Коргоо министрлигинин учагы кулап түштү. Бул тууралуу аймактын губернатору Вячеслав Гладков социалдык тармактарга жазды.

Кийинчирек министрлик маалыматты тастыктап, пилот каза болгонун билдирди. Маалыматка караганда, Су-25 аскердик тапшырманы ашыргандан кийин аэродромго кайтып келатканда кулаган. Алдына ала версия катары техникалык мандем каралууда. Мекеме кырсык ээн жерде болгонун айтууда.

Ага чейин ТАСС учак бир айылдын четинде кыйраганын, пилот секирип түшкөнүн билдирген.

Baza сайты учак Орехово айылындагы сарайга кулап, өрт чыкканын жазган.

Акыркы айларда Орусияда бир нече аскердик учак кырсыкка учураган. Андай айрым окуялар карапайым тургундардын өлүмү менен коштолгон. Былтыр 17-октябрда Ейск шаарында СУ-34 тогуз кабат турак жайга кулап түшкөндө 15 киши набыт болгон, пилоттор аман калган.

Бир нече күндөн кийин Су-30 эки кабат үйдүн үстүнө кыйраганда учкучтар мүрт кеткен. Июнда Рязанда Ил-76 аскердик транспорт учагы, көп узабай эки Су-25 учагы кырсыкка кабылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG