Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Кытайда көмүр кениндеги кырсыктан кийин 50дөй киши табыла элек


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кытайдын Ички Монголия аймагында көмүр кенинде болгон кырсыкта кеминде төрт киши каза тапты, алтоо жараат алды, 50 чакты кенчи дайынсыз. Бул тууралуу Кытайдын расмий маалымат каражаттары жазды.

Жабыркаган жумушчулардын бири эвакуация уюштурулганын, бирок кеч болуп калганын, тоо кулаганын айтып берди.

Окуя шаршемби күнү “Алкса Лиг” карьеринде болду. Жергиликтүү маалымат каражаттары президент Си Цзинпиндин буйругу менен башталган куткаруу иштери жер көчкүдөн улам убактылуу токтотулганын кабарлашты.

Кырсык болгон жерге 230 өрт өчүрүүчү, 41 даана атайын техника жана адамдарды куткарууга машыктырылган алты ит жөнөтүлдү. Куткаруу операциясына дагы 200дөй киши тартылары маалымдалды.

Ички Монголия көмүр өндүргөн алдыңкы чөлкөмдөрдүн бири. Бийлик бааны стабилдештирүү жана калкты жергиликтүү көмүр менен көбүрөөк камсыз кылууга чакырып келаткандан бери аймакта көмүр казуу кыйла өскөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG