Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:36

Түркияга жардам эсебине 61 миллион сомдон ашуун каражат чогулду


Зилзаладан кийинки көрүнүш. Хатай облусу, Түркия. 9-февраль, 2023
Зилзаладан кийинки көрүнүш. Хатай облусу, Түркия. 9-февраль, 2023

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 61 млн. 50 миң 775 сом жана 15,2 миң рубль түштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Финансы министрлиги кабарлады.

Жабыркагандар үчүн министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Жарандар үчүн жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алат. Андан сырткары Кыргызстанда өз алдынча акчалай жана гуманитардык жардам чогулткандар бар.

Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине Кыргызстандан 200гө жакын куткаруучу жана алты дарыгер барып, 21-февралда кайтып келишти.

Алар Түркиянын зилзаладан катуу жабыр тарткан Кахраманмараш жана Хатай провинцияларында иштешти. Жалпысынан уранды алдында калган сегиз адамды аман куткарып, 182 адамдын сөөгүн алып чыгышты.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн каза болгондордун жалпы саны 47 миңге чамалады, жараат алгандар 115 миңдин тегерегинде.

Жер титирөө 20-февралдын кечинде да кайталанып, анда да каза тапкандар, жаракат алгандар катталды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG