Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

“Керемет Банктын” иши боюнча УКМКнын дагы бир кызматкери кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Өздүк коопсуздук кызматынын С. Э. К. аттуу улук кызматкерин тергөө бүткүчө камакка алды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, ал Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына (гауптвахта) 21-апрелге чейин камалды.

УКМКнын кызматкерин “Керемет Банктын” иши боюнча иликтеп жаткан Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрү кармашкан.

Башкы прокуратура 2022-жылдын декабрь айынын башында “Керемет Банктын” айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгогон. Буга Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” деген беренелери негиз болгон. Мекеме кийин берген маалыматтарында "Керемет Банктын" (мурдагы «Росинбанк») кызматкерлери мамлекеттик бюджеттен 8 млрд. сомдон ашуун каражатты инвестиция катары банкка мыйзамсыз салышкан. Натыйжада өлкө казынасына мындай операциядан 4,5 млрд. сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул иштин алкагында 22-декабрда “Керемет Банктын” төрагасынын орун басары Максат Дадыбаев Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына (гауптвахта) камакка алынган. 23-декабрда УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкери жана ушул эле мекеменин Өздүк коопсуздук башкармалыгынын төрагасынын орун басары кармалып, алар да эки айга камалган. 2-февралда иш боюнча Улуттук банктын башкаруу кеңешинин мурдагы мүчөсүн кармалып, тергөө бүткүчө камалган.

Банктын акцияларынын 97,45% 2018-жылдан бери Улуттук банк ээлик кылат. Өкмөт соңку жылдары ал аркылуу фермерлерге жеңилдетилген шартта насыя берип келет. Банк ипотекалык насыя программасын да жүргүзө баштаган.

"Керемет Банк" мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жемкорлукка жана арам акчаны адалдоого айыпталып сыртынан соттолгон уулу Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнө таандык деген “Азия Универсал Банктын” негизинде түзүлгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG